Filtrer par genre

Акчанын айланасында

Акчанын айланасында

Capital Media

Акча жана айланасындагы мифтер жана уламыштар, суроолор жана жоромолдор. А айтмакчы, деги эле акча деген эмне? Ал чын эле адамды бузабы? Аны сүйүш керекби же жек көрөбүзбү? Акча менен эмне өлчөнөт? Эмгек кантип бааланат? Мамлекеттин чөнтөгү деген эмне? Тойлор коррупциянын булагыбы? Бул суроолорду жана түшүнүктөрдү “Акчанын айланасында” подкастында Capital Media’нын башкы редактору Назгүл Коңурбаева чечмелейт

6 - Баланын эмгеги бааланыш керек
0:00 / 0:00
1x
  • 6 - Баланын эмгеги бааланыш керек

    Совет доорунда балдар кичинекей кезинен эмгекке, болгондо дагы оор эмгекке салынып келген. Башка өнүккөн өлкөлөрдө деле балдар кичинесинен эмгекке үйрөтүлөт. Бирок бизден айырмаланып ал жакта баланын ар бир эмгеги бааланат. Бул болсо өзүнө ишенимдүү жарандарды өстүрөт.

    Tue, 07 Jul 2020 - 15min
  • 5 - COVID-19: Мамлекеттик казынаны башкаруу (2-бөлүк)

    Коронавирус инвекциясынын жайлышы мамлекеттик системадагы кемчиликтерди ого бетер оркойто көрсөтүп, жарандардын өкмөткө, бийликке болгон ишеними өтө солгун экенин дагы бир жолу тастыктады. Ал эми бийлик болсо жарандарга, салык төлөөчүлөргө келип түшкөн акчалардын кайда коротулуп жатканы туурасында отчет берүүдөн качып, элдин атынан аларды көзмөлдөй турган Жогорку Кеңеш депутаттары болсо тескеринче жарандык коомду бутага алды.

    Wed, 17 Jun 2020 - 15min
  • 4 - COVID-19: Мамлекеттик казынаны башкаруу (1-бөлүк)

    Коронавирус инвекциясынын жайлышы мамлекеттик системадагы кемчиликтерди ого бетер оркойто көрсөтүп, жарандардын өкмөткө, бийликке болгон ишеними өтө солгун экенин дагы бир жолу тастыктады. Ал эми бийлик болсо жарандарга, салык төлөөчүлөргө келип түшкөн акчалардын кайда коротулуп жатканы туурасында отчет берүүдөн качып, элдин атынан аларды көзмөлдөй турган Жогорку Кеңеш депутаттары болсо тескеринче жарандык коомду бутага алды.

    Tue, 09 Jun 2020 - 16min
  • 3 - Той - коррупциянын булагы

    “Акчанын айланасында” подкастынын бул эпизоду азыркы реалдуулукта абдан актуалдуу. Тойлорду түпкүрүнөн чиновниктер менен саясатчылар пара алуунун элдик ыкмасына айлантып, аны коррупциянын бир инструменти катары колдонуп келишет. Адатта,чиновниктердин тойлору өзүн актап, ал турсун киреше алып келет. Андыктан чиновниктердин тойлору токтомоюн карапайым эл дагы аларды туурай берет. Аны токтотуунун жолу болсо - аткаминерлердин кирешеси менен кошо чыгашасын дагы саноо.

    Tue, 17 Mar 2020 - 11min
  • 2 - Орток мүлк түшүнүгү

    Орток мүлктөн кабарыңыз барбы жана аны көзөмөлдөйсүзбү? Орток мүлк бул жалпы коомдук мүлк, ал адатта салык түрүндө элден чогултутат жана демократиялык коомдордо элдин катышуусу менен башкарылат. Орток мүлк түшүнүгүн экономикалык журналист Назгүл Коңурбаева жана ишкер Эмил Үмөталиев чечмелейт

    Tue, 10 Mar 2020 - 12min
Afficher plus d'épisodes